• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Өзбекстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн дагы 47 афган жараны мекенине кайтарылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. 27-июнда Афганистандын 44 кишиден турган чек ара жана элдик кошуун аскери Өзбекстандын Шортепа уездинде мамлекеттик чек араны бузуп кирген.

Андан бир күн мурун, 26-июнда ушул эле аймак аркылуу коңшу өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн үч өкүлү өткөнү белгилүү болгон.

Бардык жарандар Афганистанга кайтарылды. Өзбекстан ТИМи бул сыяктуу өлкө аймагына мыйзамсыз өтүү аракеттерине катуу бөгөт коюла турганын эскертти.

Өзбек дипломаттары Афганистандагы кырдаалдын курчушуна тынчсызданып, жаатташкан тараптарды күч колдонуудан оолак болууга чакырды.

23-июнда да 53 афган чек ара кызматкери жана жергиликтүү кошуундун аскерлери курал-жарактары менен Өзбекстандын аймагындагы Шортепа уездине киришкени кабарланган. Тиешелүү тергөө процедуралары көрүлгөндөн кийин алар мекенине кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий