• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Арыстагы жарылуудан дагы бир адам мерт болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.06.19. /Кабар/. Казакстан ИИМи Арыс шаарындагы ок-дары сакталган кампадагы жарылуудан дагы бир адам өлгөнүн маалымдады. Буга чейин бир кишинин автоунаасына снаряд түшүп мерт болгону кабарланган.

Казакстан премьер-министри Аскар Мамин аскер кызматкери менен карапайым жаран каза тапканын билдирди.

24-июнда Казакстан Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүндө жарылуу болгон. Жергиликтүү бийлик 43 миң киши жашаган шаарда тургундарды көчүрүү иштерин баштаган. Арыста кырдаал кооптуу, жарылуу дагы бир нече күнгө чейин уланышы ыктымал.

Ушул тушта 20дан ашык адам Шымкент шаарындагы ооруканада жатат, алардын бешөө балдар экени кабарланды. Үч адамдын абалы оор.

Кырсык болгон аймакка президент Касым-Жомарт Токаев барган.

Арыс Шымкенттен 97 чакырым аралыкта жайгашкан. Шаардагы полигондо буга чейин бир нече жолу жарылуу болуп, адамдардын өмүрү кыйылган.

Пикир

Оставить комментарий