• 87
  • 89.63
  • 0.85

Өзбекстандын президенти 483 адамдын күнөөсүн кечирди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 09.12.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жаза өтөп жаткан, билбестиктен кылмыш жасап, бирок кылган иштерине чын жүрөктөн өкүнүп, оңдоо жолуна түшкөн 483 адамдын күнөөсүн кечирди. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, мындай чечим мамлекеттик Конституциянын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына байланыштуу кабыл алынды.

Кечирим берилгендердин арасында 25 чет мамлекеттин жараны, 32 аял, 60 жаштан жогору 5 эркек, 30 жашка чейинки 274 адам (анын ичинен 104 жашы жете элек өспүрүмдөр), ошондой эле тыюу салынган уюмдарда катышкан 6 киши бар.

Жооптуу министрликтерге жана ведомстволорго кечирилген адамдардын үй-бүлөсүнө жана жакындарына кайтып келишине, социалдык адаптацияланышына, пайдалуу эмгекке тартылышына, сергек жашоо образын тандоосуна жана коомдо татыктуу ордун ээлөөсүнө көмөк көрсөтүү тапшырылды.

Эскерте кетсек, кечирим берүү менен мунапыстын айырмасы бар. Өзбекстандын Конституциясына ылайык, президентте гана соттолгон адамга кечирим берүү укугу болот, мунапыс актын Олий Мажлистин Сенаты колдойт. Кечирим берүү жеке адамдарга, ал эми мунапыс айрым категориядагы адамдарга карата колдонулат. Мындан тышкары, кечирим берүү мурда соттолгон адамдарга гана тиешелүү, ал эми мунапыс шектүүлөргө, айыпталгандарга (башкача айтканда, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу же аны токтотуу жолу менен) да колдонулушу мүмкүн.

1993-жылдан баштап Өзбекстанда Конституциянын кабыл алынышына карата мунапыс президент тарабынан кабыл алынып келген, ал эми 2005-жылдан тарта Олий Мажлис Сенаты мунапыс актыларын чыгара баштаган. 2017-жылы өлкөнүн тарыхында биринчи жолу 2700 соттолгонго карата масштабдуу кечирим берүү актысы кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий