• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуу беш тур менен өтөт

Билим 0

Бишкек, 08.07.24./Кабар/. 2024-2025-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 15-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Ведомстводон белгилешкендей, жогорку окуу жайларга кабыл алуу беш тур менен өтөт.

ЖРТ электрондук талону менен өтүнмө берүү :

I тур – 15-июль 17-июль саат 14:00гө чейин;
II тур – 22-июль 24-июль саат 14:00гө чейин;
III тур – 29-июль 31-июль саат 14:00гө чейин;
IV тур – 5-август 7-август саат 14:00гө чейин;
V тур – 12-август 14-август саат 14:00гө чейин.

Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер өтүнмөлөрдү жана документтерди “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу тапшырат.

Пикир

Оставить комментарий