• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Педагогика тармагында окуган студенттердин стипендиясы эки эсе жогорулады

Билим 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Педагогика тармагында окуган студенттердин стипендиясы эки эсе жогорулады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

Өмүров маалымдагандай, мындай чечим мугалимдердин статусун жогорулатуу максатында кабыл алынган.

"Университет жана колледждердин педагогика тармагында окуган студенттердин стипендиясы ушул семестрден баштап жогорулады. Алар мурун 800 сом алышса, эми 1 миң 600 сом өлчөмүндө акча алат", - дейт ал.

Министрдин орун басары белгилегендей, университеттерде аталган багыт боюнча 2 миң 953 студент билим алышат.

Пикир

Оставить комментарий