• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Жаңы жылдык балатынын коопсуз болуусуна маани берүү зарыл - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Жаңы жылды утурлай үйлөрдө жана кеңселерде балаты жасалгаланып, майрамдык маанай жаралат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги балатыны кооздоодо бир катар эрежелерди эске алуу керектигин белгиледи. Ошондой эле коопсуздукка маани берүүнү унутта калтырбоо зарылдыгын эскертти.

- Балатынын бутактарын дубалга жана шыпка тийгизбей орнотуу кажет;
- балатыны пахта, кагаз, синтетика сыяктуу тез күйүп кете турган материалдар менен жасалгалоого тыюу салынат;
- электр гирляндаларынын жараксыз эместигине, эч кандай бузулуусу болбогонуна маани бериңиз;
- гирлянддарды тандоодо көчөгө жана үй ичинде илине тургандыгын эстен чыгарбаңыз. Анткени алар ар кандай мүнөздөмөлөргө ээ;
- балатынын жанында от шамдарды жана пиротехникалык заттарды колдонбоңуз;
- жаш балдарга жарыктандырууну өз алдынча күйгүзүүгө жол бербеңиз;
- үйдөн чыкканда электр түйүнүнө туташтырылган электр гирляндасын жанган боюнча калтырбаңыз;
- жука айнектен жасалган оюнчуктарды алуу сунуш кылынбайт. Алар сынса зыянын тийгизет.

Пикир

Оставить комментарий