• 85.8
  • 93.14
  • 0.88

Жайылдагы психоневрологиялык мекемеде бейтаптарга адамгерчиликсиз мамиле жасалганы аныкталды

Кырсык 0

Бишкек, 30.10.24. /Кабар/. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Жайыл районундагы психоневрологиялык мекемеде бейтаптарга адамгерчиликсиз мамиле жасалган фактылар аныкталганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-октябрында аталган борбордун кызматкерлери Жайылдагы аялдардын психоневрологиялык социалдык стационарында болуп, бейтаптарга карата одоно мыйзам бузууларды аныкташкан.

Белгиленгендей, №1 корпуста 72 адам көзөмөлдө болсо, аларга 64 эле керебет даярдалган. Эки аял жерде жатууга аргасыз, дагы алтоо шарты жок, бир чака гана коюлган бош бөлмөгө камалып, антисанитардык шартта жашаган.

Мекеменин кызматкерлери бул бөлмө психикалык жактан артта калгандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн “изоляциялык бөлүм” катары колдонуларын билдирген.

Бул боюнча аталган борбордун кызматкерлери оорукананын кызматкерлерине карата адамга ылайык келбеген мамиле жасоо боюнча акт түзүп, документтер тиешелүү чара көрүү үчүн прокуратурага жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий