• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу: 14 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 23.07.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан 14 адам жабыркаган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Ведомстводон билдиришкендей, жабыркагандардын арасында укук-коргоо органдарынын, куралдуу күчтөрдүн жана жарандык коомдун өкүлдөрү бар. Баардык жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

“Чек арада атышуу токтоп, абал салыштырмалуу туруктуу. Исфара-Ворух автожолу жабык”, - деп билдиришти чек ара кызматынан.

Ал эми Тажикстандын массалык маалымат каражаттары чек арадагы ок атышуудан бир адам каза болгондугун жазып чыгышты. Бирок, КР Мамлекеттик чек ара кызматы аталган маалыматтык тастыктаган жок. Алардын билдирүүсүнө ылайык, расмий маалымат келген эмес.

Белгилей кетсек, кечээ, 22-июлда саат 17:20лар чамасында Ворух айылынын кире беришинде Тажикстандын желектерин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кетишкен. Ворух айылына чектеш жайгашкан Кыргызстандын Ак-Сай айылындагылар желектердин орнотулушуна каршы болушкан. Бул чатакта аңчылык мылтыктан ок атылган.

Пикир

Оставить комментарий