• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Бишкектин үч көчөсүндө оңдоо иштери аягына чыгууда

Коом 0

Бишкек, 10.07.23. /Кабар/. Бишкектин үч көчөсүндө оңдоо иштери аягына чыгууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Менделеев көчөсү №153б үйдөн №139б үйгө чейин ирригация системасын, жол бордюрларын орнотуу иштери аяктады. Учурда асфальт төшөлүп, бригада жол белгилерин коюп, жол жол чийиндерин чийүүдө.

Енисей көчөсүнүн Элебесов көчөсүнөн туюк көчөгө чейинки бөлүгүн асфальттоо иштери аяктады. Жол белгилерин коюу жана жол чийиндерин түшүрүү иштери башталат.

Ошондой эле Кажы-Сай чолок көчөсү №26 үйдөн №29 үйгө чейин оңдолду. Жакында жол белгилери орнотулуп, чийиндери сызылат.

Мындан тышкары, Алай чолок көчөсүндө Керимов көчөсүнөн Мечников көчөсүнө чейин эски асфальты сыйрылууда. Андан кийин жол бордюрлары, кудуктар орнотулуп, асфальт төшөлөт.

Ошондой эле Балыкчы чолок көчөсүндө Керимов көчөсүнөн Суворов көчөсүнө чейинки тилкеде эски асфальтты сыйруу иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий