• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Жакында Каракол менен Таласта “Электрондук көзөмөл” долбоору ишке киргизилет

Коом 0

Бишкек, 13.06.24. / Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. “Электрондук көзөмөл” долбоору жакын арада Каракол менен Таласта ишке киргизилет. Бул тууралуу юстиция министри Аяз Баетов Бишкекте өтүп жаткан пробация боюнча эл аралык форумда билдирди.

Анын айтымында, жазаны аткаруунун же шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуунун алкагында пробациянын кардарлары буга чейин бир-эки жумада бир келип кол коюп кетчү. Азыр көзөмөл иштеринде мобилдик тиркеме менен электрондук браслет колдонулууда.

“Бишкектин төрт районунда тең пробациянын кардарлары мобилдик тиркеме жана электрондук браслеттин жардамы менен көзөмөлдөнүп жатат. Долбоор Ошто башталды, жакында Каракол менен Таласта ишке киргизилгени турат. Менин оюмча, эки-үч айдын ичинде эле электрондук көзөмөл пробация системасы аркылуу мамлекетте толугу менен иштеп баштайт”, - деди Аяз Баетов.

Ошондой эле юстиция министри белгилегендей, Ички иштер министрлиги менен УКМК жаңы бөгөт коюу чарасы катары “Электрондук байкоо” пилоттук долбоорун биринчи жолу Бишкек шаарында ишке киргизди. Аны жүзөгө ашырууга Пробация департаменти көмөктөштү. Анда сот же тергөөчүнүн чечими менен айыпталуучу мобилдик тиркеме жана электрондук браслет аркылуу байкоого алынат.

Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин маалыматы ылайык, 2024-жылдын 30-апрелине карата 5338 пробация кардары катталган. Алардын 94ү жумушка орноштурулса, 42си окууга жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий