• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Жакында Нарында "Санарип клиника" долбоору ишке кирет

Аймак 0

Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. Нарында Кыргызстанда биринчилерден болуп "жасалма интеллект" программасынын жардамы менен "Санарип клиника" долбоору ишке кирип жатат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов баштаган жумушчу топ долбоордун үстүндө жигердүү аракеттенүүдө. Бул долбоор ишке ашса ооруларды алдын алууга, алдын ала диагноз коюуга жана сапаттуу дарылоого чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат.

Биринчи жолу кыргыз тилиндеги роботтоштурулган программа медицина кызматкерлеринин түйшүгүн кыйла жеңилдетип, калкты сапаттуу тейлөөгө көмөк көрсөтөт.

Күн мурун облус жетекчиси Алтынбек Эргешов "Санарип клиника" долбоорун ишке ашырууда көмөк көрсөтүп жаткан өнөктөш, Нарында туулган АКШнын жараны Элвира Минорду кабыл алды. Ал долбоорду ишке ашыруу үчүн атайын учуп келген.

Жолугушууда "Санарип клиника" долбоорун 29-августта ишке киргизүү макулдашылды. Муну менен катар АКШнын штаттары менен Нарын облусунун ортосунда кызматташтык алака түзүү, медицина тармагы боюнча тажрыйба алмашуу сапарларын уюштуруу, Нарынга гранттык долбоорлорду тартуу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрдү.

Элвира Минор "Санарип клиника" долбоорун ишке ашырып алгандан кийин башка долбоорлорду да тартуу планында бар экенин, кийинки этаптарда тажрыйбалуу врачтарды клиникасы менен алып келип, Кыргызстанда жасалбаган оор операцияларды жасатуу, дарыгерлер ортосунда тажрыйба алмашуу багытында гранттарды тартуу боюнча аракет кылаарын айтты.

Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов эли-жери үчүн күйгөн мекенчил кыргыз кызына теңиртоолуктардын атынан терең ыраазычылык билдирип, кызматташуу мындан ары да жемиштүү улантылаарын тилек кылды.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Пикир

Оставить комментарий