Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого 33,3 пайыз жаран добуш берди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн Жалал-Абад облусундагы 452 шайлоо участкасында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгү өттү. Саат 20:00гө карата бардык тилекелер жабылып, облус боюнча жалпы 257 миң 624 жаран добуш берүүгө катышты.
Пикир
Оставить комментарий