• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Жалал-Абад облусунда муктаж үй-бүлөлөргө акысыз ун берилет

Аймак 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 3 миң 61 тонна ун алып келинди. Алар облустун район-шаарларына бөлүштүрүлүп, жеткирүү иштери жүрүп жатат.

Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, 8-февралдан баштап ун Жалал-Абад шаары жана Базар-Коргон районуна ташыла баштаган.

"Ундар аз камсыз болгон аялуу катмардагы калкты колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фонду тарабынан бөлүнгөн. Алардын шарты оор үй-бүлөлөргө жеткиликтүүлүгүн көзөмөлдөө үчүн бардык аймактарда жергиликтүү бийлик тарабынан атайын комиссиялар түзүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий