Бишкек, 24.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында ишембилик өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, ишембиликке шаардагы бардык мекеме-ишканалар (менчигинин түрүнө карабай), шаар тургундары катышты. Ишембиликте 45 куб таштанды чыгарылды.
Белгилей кетсек, шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругу менен шаарда 26-февралдан 1-июнга чейин үч айлык ишембилик жарыяланган.
Пикир
Оставить комментарий