• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жалал-Абад шаарында тил эрежелери сакталбаган жарнактар алынууда

Аймак 0

Бишкек, 18.08.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында мамлекеттик тилде жазылбаган көрнөк-жарнактар алынууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, кечээ, 17-августта мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова баштаган комиссиялык топ шаардагы мамлекеттик тил эрежелери сакталбаган көрнөк-жарнактарга рейд уюштурду.

Рейд учурунда мамлекеттик тилде жазылбаган жарнамалар, кулактандыруулар менчигинин түрүнө карабай алынды.

Алдыда мындай текшерүүлөр Жалал-Абад шаарынын бардык аймактарында улантылат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик тил жөнүндө Конституциялык мыйзамына ылайык, маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде, зарыл болгон учурда башка тилдерде жол-жоболоштурулат.

Пикир

Оставить комментарий