Жалал-Абад шаарында жаңы эс алуу багы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков проспектисиндеги кароосуз калган сквер реконструкцияланып, пайдаланууга берилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эс алуу багына мамлекеттин чек арасынын бүтүндүгүн сактап, 2022-жылда Баткендеги каргашалуу окуяда баатырларча курман болгон Нурислам Карыбековдун ысымы ыйгарылды.

Эс алуу багынын ачылуу аземине Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, депутаттар, ысымы ыйгарылган Н.Карыбековдун жакындары, шаар тургундары катышты.

Калаа мэринин жана шаардык кеңештин төрагасы эс алуу жайына эл-жери, мекени үчүн жанын берген жаш жоокердин эрдигин, ысымын түбөлүккө өчүрбөө, жаштарды мекенди сүйүүгө тарбиялоо максатында анын ысымы ыйгарылгандыгын белгилешти. Алар учурдан пайдаланып, Нурисламдай уулду тарбиялап өстүргөн ата-энесине, жакындарына терең ыраазычылык билдиришти.

Жаңы эс алуу багынын аянты 80 сотыхты түзөт.

Буга чейин аталган жай кароосуз калып, таштанды баскан жайга айланган. Азыркы абалына келтирүүгө жергиликтүү бюджеттен 27 млн 446 миң сом акча каражаты жумшалып, унаа токтотуучу жайлары, жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдору, түнкү жарыктандыруулары, отургучтары, фонтаны, жашыл газон жана көчөттөрү бар заманбап эс алуу багы курулду.

Белгилей кетсек, Карыбеков Нурислам Токтонбекович 2003-жылы Сузак районунун Багыш айыл аймагында төрөлгөн. Ал 2021-жылы өз каалоосу менен Баткен облусунун Бужум айылындагы 2051 аскер бөлүгүндөгү "Бөрү" отрядында кызмат өтөп жатып, 2022-жылы Баткендеги чек арадагы жаңжалда мекенин коргоп жатып каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий