• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-июль күнү оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 10:00дөн 17:00гө чейин шаардын Калинин, Глинка, С.Бакиев №83, Л.Толстой, Горкий, Мичурин, Пушкин, Разина, Садовая, Абдушаитова, Фрунзе, Разина №15, Орто-Сай, Пригород, Пахта, Дмитриевка, Осмонов, Жуманазаров жана Ленин көчөлөрүндө электр энергиясы өчүрүлөт.

Шаардык мэрия жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий