• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө аквапаркка суу алуучу түтүк 18 жаштагы баланы соруп кеткен. Анын сөөгү табылды

Кырсык 0


Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы "Золотые пески" пансионатынын аймагында көлдөн аквопаркка суу соруучу 500 мм диаметрлик түтүкчө 18 жаштагы С.С. аттуу жигитти соруп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жерине төрт куткаруучу, бир экскаватор, ИИМден 30 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган.

"Алар түтүкчөнү кесип, маркумдун сөөгүн алып чыгышкан. Сөөк милиция кызматкерлерине өткөрүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий