Жалал-Абад шаарынын мэри ийгилик жараткан окуучуларды кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков ийгилик жараткан окуучуларды кабыл алды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Тактап айтканда, калаа башчысы бүгүн “Мектеп лигасы -2024” республикалык чемпионатында спорттун волейбол түрү боюнча 1-орунду багындырган №21 Жолболду Болотов атындагы орто мектебинин балдар командасын жана Американын Техас штатында робототехника боюнча өткөн чемпионатта 8000 команданын ичинен алдыңкы ондукка кирген “Ариет” балдар чыгармачылык борборунун 2 окуучусун, ата-энелерди жана мугалимдерди кабыл алды.

Ормоков Жалал-Абад шаарынын намысын коргоп, ийгилик менен кайткан окуучулардын жеңиши жалпы шаардын сыймыгы экенин баса белгилеп, машыктыруучуларга, мугалимдерге жана окуучуларга Ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Белгилей кетсек, ушул жылдын май айында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “Мектеп лигасы - 2024” республикалык чемпионаты өтүп, анда Жалал-Абад шаарындагы №21 Жолболду Болотов атындагы орто мектебинин окуучулары волейбол боюнча республикада Жалал-Абад облусунун намысын коргоп, 1-орунду багындырышып, сыйлык катары 300 миң сомдук сертификатка ээ болушкан.

Пикир

Оставить комментарий