• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Жалал-Абад шаарынын Жамашев көчөсүндө жаңы скважинаны бургулоо иши жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16.06.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Зулум Жамашев көчөсүндө 110 метр тереңдиктен суу чыгаруу үчүн бургулоо иши жүргүзүлүүдө.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган көчөдөгү скважина ишке кирсе парктардагы жана жол жээгиндеги бак-дарактар техникалык суу менен камсыз болот.

Курулуш республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сом акча каражатынын эсебинен каржыланууда.

Жогорудагы каражаттын эсебинен алдыда дагы жаңы 4 скважина курулат. Алар пайдаланууга берилсе Жалал-Абад шаарынын ирригация тутуму жакшырып, бак-дарактар арыктар аркылуу техникалык суу менен сугарылып калат.

Эскерте кетсек, жакында эле шаарда Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен 3 скважина оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилген.

Пикир

Оставить комментарий