• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарында Регионалдык инвестициялык Кеңештин отуруму өттү

Аймак 0

Бишкек, 17-февраль /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 17-февралында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда Регионалдык инвестициялык Кеңештин IX отуруму өттү. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.

Отурумга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Регионалдык инвестициялык Кеңештин төрагасы Аманбай Кайыпов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңешинин катчылыгынын эксперти Бакыт Асанов, JICA эл аралык уюмунун өкүлү Асано Тетсуя, жеке ишкерлер, райондук мамлекеттик администрация башчыларынын биринчи орун басарлары, Нарын шаарынын биринчи вице-мэри, Ат-Башы районунун айыл өкмөт башчылары жана башка тиешелүү тармактардын өкүлдөрү катышышты.

Иш-чарада башында облус башчы Регионалдык Кеңештин иши тууралуу айтып өттү. «Регионалдык инвестициялык Кеңештин отурумдары адатта Нарын шаарында гана өтүп келген болсо, ушундан баштап кийинки отурумдар ар бир райондо өткөрүлөт. Анткени, жеринде ишкерлер менен жолугушуп, аймакка керектүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кененирээк талкуулаганга мүмкүнчүлүк көбүрөөк болот деген ойдобуз»,- деди өз сөзүндө А.Кайыпов. Мындан тышкары, ушул мезгилге чейинки инвестициялык кеңештин отурумдарында кабыл алынып жаткан чечимдер аркылуу чакан жана орто бизнеске көмөк көрсөтүү, туризм, саламаттыкты сактоо тармактары боюнча долбоорлор ишке ашканын белгилеп өттү.

Күн тартибинде бир нече маселе каралды. Анда Нарын облусунун бизнес чөйрөсүн жана инвестициялык жагдайды жакшыртуу, Ат-Башы районуна өндүрүштүк-логистикалык хаб куруу, Ат-Башы районундагы «Камкор» кирпич чыгаруучу ишканасынын ишмердүлүгү, JICA эл аралык уюмунун «Бир айыл – бир продукт» долбоору, Ат-Башы районунун аймагындагы орто жана кичи ишканалардын ишмердүүлүгү, «Ишкерлерди колдоо маалымат, кеңеш борборунун» ишмердүүлүгү жөнүндө маселелер каралды.

Күн тартибинде каралган маселелер боюнча чогулуштун катышуучулары суроолорго жооп алып, өздөрүнүн сунуштарын айтышты. Маселелер талкууланган соң Регионалдык инвестициялык Кеңештин отуруму чечим кабыл алынды. РИКтин кийинки Xотуруму Кочкор районунда өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий