• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кара-Кулжа районунун тургуну диний-экстремисттик уюмдун мүчөлүгүнөн баш тартты

Коом 0

Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун тургуну диний-экстремисттик уюмдун мүчөлүгүнөн баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетти комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-июнда УКМК тарабынан “Йакын-Инкар” диний уюмунун тарапташы, Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл аймагынын тургуну Ж.у.А. менен профилактикалык сүйлөшүү өткөрүлүп, аталган кыймылдын Кыргыстандын аймагында ишмердүүлүгүнө сот тарабынан тыюу салынгандыгы жана ага ылайык мыйзам чегинде жоопкерчилик каралгандыгы түшүндүрүлдү.

Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында Ж.у.А. өзү тандап алган диний багытынын туура эместигин түшүнүп, экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды “Йакын-Инкар” уюмунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.

Учурда Кыргызстандын аймагында тыюу салынган диний уюмдардын жана алардын тарапташтарынын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий