• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Арча-Бешик конушундагы бала бакчанын курулушу 90%га аяктап калды

Коом 0

Бишкек, 10.08.23. /Кабар/. Арча-Бешик конушундагы бала бакчанын курулушу 90%га аяктап калды. Мындай маалымат Бишкек шаарынын мэринин орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу Максатбек Сазыкуловдун мектепке чейиники билим берүү мекемесинин курулушунун жүрүшү менен таанышуу учурунда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, бала бакча 8 топко жана 180 балага эсептелген. Имарат эки кабаттан турат, жер төлөсү жок. Жалпы аянты 1889,3 чарчы метр. Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушу 90% аяктап калды. Учурда ички жасалгалоо жана айланасын түздөө, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле ал 105 орунга ылайыкталган №31 бала бакчанын курулушу менен дагы таанышты. Мекеме негизги имараттан жана өзүнчө көмөкчү жайлар, чарбалык блоктордон, ошондой эле ашканадан турат. Негизги имараттын аянты 993 чарчы метр.

Учурда негизги корпусту капиталдык оңдоо жана бекемдөө, чатырын иретке келтирүү иштери аяктады. Ички жасалгалоо жана фасаттык иштери жүрүп жатат. Ошону менен бирге бала бакчанын аймагын көрктөндүрүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий