• 87
  • 89.63
  • 0.85

Жалал-Абадда "Азия балдары" эл аралык спорт оюндарын өткөрүү пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 2026-жылы "Азия балдары" эл аралык спорт оюндарын өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу президентин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн бул багытта атайын жыйын өткөрүлдү.

Ага президенттин өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, “Азия балдары” эл аралык комитетинин башкы директору Гаврил Цыпандин, райондук мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарлары, шаарлардын мэрлеринин социалдык маселелер боюнча орун басарлары, спорттук мекемелердин жетекчилери жана машыктыруучулары катышты.

Облус башчысынын орун басары бул жолугушуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Жалал-Абад облусунун аймагында балдар спортун өнүктүрүү, аларды сергек жашоого үндөө багытында жасалып жаткан жумуштарга токтолду.

Ошондой эле Максат Сыдыков облуста бул жылы 18 ар түрдүү багыттагы спорттук объектилер ачылганын айтып, мындан сырткары Жалал-Абад шаарында Борбор Азиядагы алгачкы “Барселонанын” футбол академиясы, быйыл республикалык бюджеттин эсебинен оңдоодон өткөрүлгөн 400 орундуу облустук олимпиадалык резервдеги балдар спорт мектеби ишин баштаганын белгиледи.

Жыйында 2026-жылга пландалган “Азия балдары” эл аралык комитети тарабынан уюштурулуучу спорттук иш-чаралар талкууланды.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 26-ноябрда Бишкек шаарында облус башчысы Тилек Текебаев “Азия балдары” эл аралык комитетинин президенти Владимир Максимов менен жолугушкан.

Пикир

Оставить комментарий