Бишкек, 08.05.24. /Кабар/. Шаардык жолдор башкармалыгы Жалал-Абад шаарындагы Азимов көчөсүнүн капиталдык курулушуна тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, тендердин сметалык баасы 220 млн 5 миң 587 сомду түзөт. Конкурстук табыштамаларды 22-майга чейин тапшыруу зарыл.
Азимов көчөсүнүн Манас көчөсүнөн Жамашев көчөсүнө чейинки бөлүгүн оңдоо пландалууда.
Пикир
Оставить комментарий