• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Баткен облустук сотунда жыл жыйынтыгы чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 7-февралында КР Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Качыке Эсенкановдун катышуусунда Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун 2021-жылдагы ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу кеңешмеси онлайн өткөрүлдү. Бул тууралуу Жогоку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кеңешмеге КР Жогорку сотунун төрагасынын орун басарларынын милдетин аткаруучу Нургул Асанова, Айнаш Токбаева, Жогорку соттун аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, Жогорку соттун соттук тажрыйбаны жалпылоо, соттук статистиканы анализдөө жана Пленумдун ишин камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Адинахан Кадыровалар катышты.

Өткөрүлгөн жыйында 2021-жылы Баткен облусунун соту тарабынан 447 жазык иши, 261 жоруктар жөнүндө иш жана 218 соттук материалдар каралгандыгы маалым болду.

"Облус боюнча тергөө судьялары тарабынан 1577 сотко чейинки өндүрүш иштери каралган. 2021-жылы Баткен облусунун райондук жана шаардык соттору тарабынан жалпысынан 3519 жарандык жана экономикалык иш, 243 соттук материал каралган. Ошондой эле Баткен облусунун административдик соту тарабынан 179 административдик иш жана 6 соттук материал каралган, бул 2020-жылга салыштырмалуу 2,18%га аз", - деп айтылат маалыматта.

Качыке Эсенканов судьялардын көңүлүн сот адилеттигин ишке ашырууда мыйзамдуулукту камсыздоого жана бардык категориядагы иштерди сапаттуу кароого бурду.

Пикир

Оставить комментарий