Жалал-Абадда июнь окуясында курман болгондор эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Бүгүн Сузак районунун Топурак-Бел ашуусундагы Сампа аймагында жайгашкан "Энелердин көз жашы" эстелигине гүл коюлуп, 2010-жылдагы каргашада курман болгондор эскерилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, Жалал-Абад шаары, Сузак жана Базар-Коргон районунун жергиликтүү бийлик жетекчилери, мекеме-ишканалардын башчылары, окуяда жабыркаган жарандар жана курман болгондордун жакындары катышты.

Облус башчысынын орун басары окуяда каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, июнь окуясы Кыргызстандагы, анын ичинде көп улуттуу Жалал-Абад облусундагы биримдиктин орду чоң экенин көрсөткөн тарыхый окуялардын бири экенин белгиледи. Бүгүнкү мамлекеттеги тынчтыкты сактоо, ага ар дайым аяр мамиле жасоо ар бир жарандын милдети экенин кошумчалады.

Эске салсак, 2010-жылдын 12-14-июнь күндөрү болуп өткөн окуяларда Жалал-Абад облусунан жалпы 592 адам жабыр тарткан. Анын ичинен 82 адам каза болуп, 4 адам дайынсыз жоголгон.

Пикир

Оставить комментарий