• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Жалал-Абадда Кесиптик бирликтер федерациясынын жыйыны өттү

Аймак 0

Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. Бүгүн президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн аппаратында Кесиптик бирликтер федерациясынын жыйыны өттү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш-чарага КР Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков катышты.

Жыйынга облустук мекеме-ишканалардын профсоюз уюмдарынын жетекчилери, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунан акимдин орун басарлары жана Жалал-Абад шаарындагы мекеме ишканалардан профсоюз уюмунун төрагалары жана мүчөлөрү чакырылган.

Анда Кыргыз Республикасынын Кесиптик Бирликтер Федерациясынын ишмердүүлүгү, орун алып жаткан жаңы реформалар, тармактын ишин санариптештирүү жатындагы жумуштар тууралуу маалымат берилди.

Мындан сырткары, федерациянын алдыдагы пландары, социалдык-эмгектик жана алар менен байланышкан экономикалык кызыкчылыктарын, кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо, эмгек шарттарын жакшыртуу, өндүрүштөгү кырсыктардын алдын алуу маселелери тууралуу сөз болду.

Пикир

Оставить комментарий