Бишкек, 22.11.18. / Кабар/. Жалал-Абадда тарбиячы 3 жашар кызды урду деп шектелүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абаддын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Жалал-Абад ИИБнен "Кабар" агенттигине билдиришкендей, Дильфуза Жаратова аттуу жаран милицияга кайрылып, №21 бала бакчанын тарбиячысы кызын сабап койгондугун айткан.
Учурда аталган факты боюнча териштирүү жана иликтөө иштери жүрүүдө.
Пикир
Оставить комментарий