• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандын түштүгүндөгү аэропорттор саат 17:00гө чейин жабык болот

Аймак 0

Бишкек, 11.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын түштүгүндөгү “Ош”, “Жалал-Абад” жана “Исфана” аэропорттору бүгүн, 11-январда саат 17:00гө чейин жабык болот.

Жарандык авиация агенттигинин маалыматына ылайык, учурда учуу жана конуу тилкелери кардан тазаланууда.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, кар 12-январь саат 00:00гө чейин жаайт.

Жүргүнчүлөр каттамдар тууралуу маалыматты төмөнкү номерлер аркылуу ала алат:

• “Манас” аэропорту: +996 (312) 69-31-09;
• “Ош” аэропорту: + 996 322290101;
• Сурап-билүү кызматы (24/7): +996 /3222/ 90101;
• Авиатрафик Компани : +996 (312) 544788;
• Tez Jet авиакомпаниясы: +996 (312) 910880.

Пикир

Оставить комментарий