• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Жалал-Абадда өткөн жылы өнөр жайдан 35 млрд сомдон ашуун продукция өндүрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 2021-жылы өнөр жай тармагында 35 млрд сомдон ашуун продукция өндүрүлүп, өсүү темпи 106,2 пайызды түздү. Бул тууралуу президенттин аталган облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 7 млрд сомго көп. Өткөн жылы облус жалпы республиканын көлөмүндөгү үлүштүн 10 пайызын камсыздаган. Мында өнөр жайынын электр энергиясы, газ, буу, кондицияланган аба менен камсыздоо тармагында 10 млрд 186 млн сомдук продукция алынган.

Ал эми Жалал-Абад облусунун өнөр жайынын 54,6 пайызын түзгөн тоо кен тармагында 19 млрд сомдон ашуун продукция өндүрүлүп, көрсөткүч 113,3 пайызды ээлеген. Андан нефти мунай затын жана жаратылыш газын өндүрүү 115,5 пайызга аткарылган. Нефтини өндүрүү көлөмү 263 миӊ тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 36 миң тоннага көп өндүрүлгөн.

2022-жылы облус жетекчилиги тарабынан бардык район-шаарларда чакан жана орто ишкердикти колдоого алуу, өнүктүрүү, өндүрүш жана кайра иштетүү тармагын жандантуу тапшырмалары коюлган.

Мындан сырткары, инвестиция тартууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий