• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Саламаттык сактоо министрлиги учурда өлкөдө орун алган эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берди.

Андан соң катышуучулар жарандарды коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат укту.

«COVID-19 инфекциясын аныктоо жана ооруканага жаткырылгандар тууралуу маалыматтардын негизинде төртүнчү толкундун чеги өттү деп айтууга болот», — деди Саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов.

Мындан тышкары, штабдын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагына келген жарандардын ПЦР-тестин текшерүүнү жокко чыгаруу мүмкүндүгү жөнүндө маселе каралды.

Талкуунун жыйынтыгында эл аралык тажрыйбаны жана медициналык-санитардык эрежелерди эске алуу менен жакын арада бул маселени кеңири иликтеп чыгуу чечими кабыл алынды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жакынкы жумаларда республикада карантиндик режимдер жеңилдетилерин белгиледи.

Катышуучулар ошондой эле райондук саламаттык сактоо мекемелерин кислород станциялары менен камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, Саламаттык сактоо жана Финансы министрлигине суюк кычкылтекти өндүрүүчү жергиликтүү заводдорго бюджеттик ссудаларды бөлүү маселесин иштеп чыгуусу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий