Бишкек, 12.10.22. /Кабар/. Жалал-Абад облустук милициясында зордук-зомбулуктун жана жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган семинар болуп өттү.
Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, 10-11-октябрь күндөрү өткөн семинарга ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Нуржан Адылова, мобилдүү унаалардын ишмердүүлүгүн колдоо боюнча ассоциациясынын директору Шамшыбек Мамыров, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Ашим Тагаев, ИИМдин Академиясынын окутуучулары Азамат Абдрахманов, Медер Карабаев, шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызмат боюнча орун басарлары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн социалдык иштер боюнча орун басарлары, коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү катышты.
Семинардын жүрүшүндө уюштуруучулар тарабынан даярдалган роликтер көрсөтүлүп, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча лекциялар окулду. Жаш өспүрүмдөрдүн туура эмес багыттагы диний агымдарга кирип калуусуна бөгөт коюу, милициянын көчмө кабылдама унааларында профилактикалык иштерди күчөтүү, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга каршы биргелешип иштөө процесстери тууралуу маалыматтар берилди. Балага жардам берүү, коопсуздугун камсыз кылуу, зомбулуктан жабыр тарткан өспүрүм менен сүйлөшүү багыттары жана коомго жат көрүнүштүн кайталануусуна жол бербөө маселелери талкууланды.
Негизинен иш-чара коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин квалификациялык деңгээлин жогорулатуу максатын көздөйт.
Семинардын соңунда катышуучулар өздөрүнө пайдалуу маалыматтарды алышкандыгын билдирип, уюштуруучуларга ыраазычылыктарын айтышты. Ал эми катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Пикир
Оставить комментарий