• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

“Жалалабатэлектр” ишканасы бетон цехин ишке киргизди

Аймак 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Бүгүн “Жалалабатэлектр” ачык акционердик коомунун базасында курулган темир-бетон буюмдарын жасоо цехи ишке кирди. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иштин ыргагы менен Улуттук энергохолдинг компаниясынын төрагасы Айтмамат Назаров таанышып чыкты.

“Компания темир-бетон мамыларын сатып алууда бир топ кыйынчылыктарга дуушар болуп келген. Тендердик сынактын негизинде уткан жеткирүүчүлөрдүн продукцияларынын сапатынын начар болгондугунан тендерлер бузулуп, ага кошумча, уткан жеткирүүчүлөр мамычаларын убагында жеткирип бере албай, кабыл алынган план-тапшырмалардын аткарылышын тобокелге салган учурлар көп болгон. Ушундай абалдан чыгуу үчүн, компанияда мамычаларды өндүрүү колго алынган.

Цехте орнотулган бетон даярдоо орнотмосу 2018-жылы Россиядан алынып келинген.

Орнотмонун өндүрүмдүүлүгү саатына 15-20 метр куб даяр бетон чыгарганга мүмкүнчүлүк берет. Алдын ала эсептөөлөр боюнча жылына 4 миңден ашык мамыча чыгарып же болбосо “Жалалабатэлектр” ААКы быйылкы жылга алмаштырууга пландаштырган 3178 даана көлөмдөн 1000 даана ашыкча өндүрүүнү пландоодо.

Эми рентабелдүүлүгүнө токтолсок, бул кезге чейин компания бир даана электр мамычаны 6 500 сомдун тегерегинде сатып алып жаткан болсо, жаңы ачылган цехте 4754 сомдон чыгарылып, ар бир электр мамычадан 1745 сом үнөмдөлөт. Демек жылына 5,4 млн сом акча каражаты үнөмдөлүп, цех өзүн-өзү 2,5 жылда актайт.

Жогоруда көрсөткөндөй, цехте чыгарылган мамычалардын наркы учурда сатып алып жаткан мамычалардан 25-30 пайыздын тегерегинде арзан болот. Эң башкысы, өндүрүлө турган мамычалар заводдордо жасалган жабдууларда бардык тиешелүү технологиялар менен жасалгандыгына байланыштуу сапаттуу болуп, стандарттардын бардык талаптарына жооп берет.

Учурда цехтеги 2 даана калыптын жардамы менен бир нөөмөттө күнүнө 10-15 даана мамы куюуга болот. Ал эми бетон даярдоо орнотмосунун өндүрүмдүүлүгүн кененирээк пайдаланып, мамычаларды көбүрөөк чыгаруу максатында, кийинки жылдары кошумча калыптарды сатып алып орнотууну компания пландаштырууда”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий