• 85.5
  • 93.05
  • 0.87

Жаратылыш министрлиги Ак илбирстин логотибин иштеп чыгууга сынак жарыялады

Коом 0

Бишкек, 16.10.24. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөнүн улуттук символу болгон Ак илбирстин логотибин иштеп чыгуу боюнча сынак жарыялады.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул сынак сейрек кездешүүчү жырткычты сактап калууга жана анын Кыргызстандын экосистемасындагы маанилүү ролуна көңүл бурууга багытталган.

Эң мыкты логотип Кыргызстандагы Ак илбирсти коргоо боюнча атайын программалардын расмий символу болуп калмакчы.

Сынактын максаты Ак илбирсти улуттук жана дүйнөлүк деңгээлде жайылтуучу уникалдуу логотипти түзүү, ошондой эле Кыргызстанда туризмди жана жашыл инвестицияларды колдоо болуп саналат.

"Сынакка кесипкөй дизайнерлердин, сүрөтчүлөрдүн, ошондой эле бардык креативдүү дизайн студияларынын катышууга чакырабыз. Жеке адамдар (Кыргызстандын жарандары жана чет өлкөлүктөр), ошондой эле командалар катыша алышат", - деп айтылат маалыматта.

Техникалык талаптар: логотип оригиналдуу, вектордук жана масштабдуу болушу зарыл, ак илбирстин сүрөтүн камтышы жана үч түстөн ашпашы керек.

Идеологиялык мазмуну: логотип Ак илбирс кооз жана сейрек кездешүүчү жаныбар гана эмес, Кыргызстандын элинин сыймыгы, күчү жана даанышмандыгынын символу деген ойду бериши керек. Сынактын шарттары тууралуу кененирээк маалыматты төмөнкү шилтемеден таба аласыз.

Тандоо процесси: конкурстук комиссия, дизайн боюнча эксперттерден, жаратылышты коргоо боюнча адистерден жана министрдин кабинетинин өкүлдөрүнөн турат, конкурстук иштерге баа берет. Жеңүүчү долбоор эксперттик комиссия тарабынан тандалат.

Конкурстун жеңүүчүсү 500 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык, ошондой эле Кыргызстандын Улуттук символунун логотипинин автору деген ардактуу наам алат. Жеңүүчүнүн ысымы 25-ноябрдан кечиктирилбестен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин сайтында жана социалдык тармактарда жарыяланат.

Сынактын эрежелери жана шарттары менен кененирээк бул шилтемеден тааныша аласыздар.

Пикир

Оставить комментарий