• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Екатеринбургда убактылуу кармоочу жайдагы кыргызстандыктардан кабар алынды

Коом 0

Бишкек, 11.03.23./Кабар/. Кечээ, 10-мартта Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери Россиянын Ички иштер министрлигинин Екатеринбург шаары боюнча башкармалыгынын чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборуна барышты.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Башкы консулдуктун өкүлдөрү Кыргызстандын жарандары менен жолугушуу өткөрүп, анын жүрүшүндө Орусиянын миграциялык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча түшүндүрүү ишин жүргүзүп, соттун чечимдерине даттануунун тартиби тууралуу айтып беришип жана жарандарды кызыктырган суроолорго жооп беришти .

Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборуна барган учурда Кыргызстандын сегиз жараны Россия Федерациясынын аймагынан чыгаруу боюнча соттун чечимдеринин мыйздамдуу күчүнө киришин күтүүдө. Эки жаранга Башкы консулдук Мекенге кайтуу күбөлүгүн тариздеп берет.

Пикир

Оставить комментарий