Бишкек, 15.01.25. /Кабар/. Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги браконьерликке каршы иштерди күчөтүүдө.
Ведомстводон маалымдашкандай, браконьерликти каршы күрөшүүнүн алкагында 11-12-январда Жаратылыш ресурстары министрлигинин Чүй, Жалал-Абад облустук башкармалыктарынын жана Балык чарба департаментинин кызматкерлери биргеликте ыкчам рейддерди жүргүзүштү. Рейддик иш-чаралар Токтогул суу сактагычында өткөрүлдү.
Жүргүзүлгөн рейддердин жыйынтыгы менен синтетикалык торлорду колдонгон 4 кылмышкер кармалып, жалпы суммасы 18 миң 500 сомго тиешелүү протоколдор түзүлдү. 3000 метрге жакын синтетикалык балык уулоочу торлор алынып, жок кылынды.
Министрлик браконьерлик жана жаратылышты коргоо чараларын бузуу фактылары боюнча 108 ишеним телефонуна билдирүүнү суранат.
Пикир
Оставить комментарий