Римде кыргыз-италия парламенттер аралык кызматташтыгын өнүктүрүү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 29.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Италияга болгон иш сапарынын алкагында Италиянын Депутаттар палатасынын төрагасы Лоренцо Фонтана менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-италия парламенттер аралык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү жана билим берүү тармагында өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык диалогду өнүктүрүү максатында, кыргыз тарап комитеттердин жана парламенттердин аппараттарынын деңгээлинде байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ушуга байланыштуу Жээнбек Кулубаев тарабынан Италия парламентинин депутаттары менен Кыргызстанрдын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын достук тобун түзүү сунушталды, бул эки өлкөнүн мыйзам чыгаруучуларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жана парламент жетекчилигинин деңгээлинде иш сапарларды уюштуруу үчүн негиз боло алат.

Жээнбек Кулубаев белгилегендей, парламенттер аралык түз байланыштар жана өз ара иш сапарлар эки өлкө парламенттеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө гана өбөлгө түзбөстөн, Кыргызстан жана Италия элдеринин ортосундагы достуктун көпүрөсү боло алат.

Италиянын Депутаттар палатасынын спикери Лоренцо Фонтана кызматташуунун конкреттүү багыттары боюнча биргелешкен кыргыз-италиялык долбоорлорду ишке ашырууга зарыл болгон колдоо жана көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда Кыргызстан менен Италиянын парламенттеринин Европа биримдигинин, Европа парламентинин жана ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери да каралды.

Пикир

Оставить комментарий