Жээнбек Кулубаев ШКУнун жыйынына катышуу үчүн Казакстанга барды

Саясат 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Казакстанга келди.

Ведомстводон маалымдашкандай, ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кезектеги жыйыны 21-майда Астана шаарында өтөт.

ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынынын күн тартибиндеги негизги маселелер болуп ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин отурумунун мазмундуу бөлүгүн даярдоо, ШКУнун учурдагы абалын жана ишмердүүлүгүнүн мындан аркы өнүгүү перспективаларын талкуулоо, актуалдуу эл аралык жана регионалдык маселелер боюнча пикир алмашуу болот.

Пикир

Оставить комментарий