• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Жеке лабораторияда коронавируска анализди акысыз тапшыруу үчүн биринчи топ аныкталды - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө жеке лабораторияда анализдерди акысыз тапшыруу үчүн биринчи топ аныкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, биринчи топко медицина кызматкерлери кирет. “Алар ооруну жуктуруп алгандар менен жана ооругандардын жакындары менен байланышта болгон Бишкек шаарынын Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунун кызматкерлери. Алар жаңы учур катталган жерлерде алдыңкы орунда турушкан. Ошондуктан чоң эпидемиологиялык иш-чараларды жүргүзүү зарыл”, - деди ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, бүгүнкү күнгө карата жогорку тобокелдик тобуна кирген медициналык кызматкерлердин тизмеси жана графиги даярдалды. “Биз дагы бул топко ким киргендигин кошумча маалымдайбыз”, - деди министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 28-апрелге карата коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 708ге жетти. Алардын ичинен 185и медицина кызматкерлери. 416 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылса, ал эми илдетти жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий