• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 3 миң 334 изилдөө жүргүзүлдү - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 16.05.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 3 миң 334 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде текшерилген анализдердин ичинен 6 жаңы учур катталган.

Башкы санитардык дарыгер кошумчалагандай, байланышта болгон, күмөн болуп турган учурлардын бардыгы текшерүүдөн өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1117ге жетти. Алардын ичинен 783 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий