• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 146 адам жатат — Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 16.05.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 146 адам жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде Кыргызстандагы акыркы эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маалымат берип жатып КР саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, алардын баары медициналык көзөмөлдө болууда.

"Ал эми коронавирус жуктургандар менен жакын байланышта болгондордун саны 16-майга карата 5 миң 228 адамды түздү", - дейт ал.

Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери кошумчалагандай, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 16-майга карата коронавирус жуктурган 6 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1117ни түзөт. Алардын ичинен 783 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий