• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда август айына карата коронавирусту 1 миң 120 бала жуктурган - Шукурова

COVID - 19 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда август айындагы статистикага ылайык, коронавирусту 1 миң 120 бала жуктурган. Бул тууралуу С.Б.Данияров атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун анестезиология жана реанимация курсу менен педиатрия кафедрасынын башчысы Венера Шукурова брифингде билдирди.

Анын айтымында, август айына карата коронавирусту 14 жашка чейинки 1 миң 120 бала, 1 жашка чейин 117, 5 жашка чейин 354 жана 6 жаштан 14 жашка чейин 649 бала жуктурган. "Балдар арасында пневмония менен ооругандар 2019-жылга салыштырмалуу төмөндөгөнү байкалат", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий