• 86.8
  • 91.76
  • 0.8

Жер титирөөдөн Чоң-Алай районундагы турак үйлөрдө майда жаракалар пайда болду

Кырсык 0

Бишкек, 3-май /Кабар/. Алдын ала алынган маалымат боюнча Ош облусунун Чоң-Алай районунда 2017-жылдын 3-май күнү саат 10:47 де катталган жер титирөөнүн кесепетинен Жекенди айыл аймагынын айылдарында кээ бир турак-жайлардын, коро-сарайлардын дубалдарында майда жаракалар пайда болгон. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жеринен тактоо үчүн КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башчысы жана жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кетти.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий