• 87
  • 91.29
  • 0.84

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо. Өлкө боюнча 16:00гө карата шайлоочулардын 18,66 %ы добуш берди

Коом 0

Бишкек, 17.11.24. /Диана Айдарова - Кабар/ Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо республика боюнча саат 16:00гө карата шайлоочулардын 18,66%ы добуш берди. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымынын орун басары Нурлан Койчукеев билдирди.

Койчукеевдин айтымында, ушул саатка карата жалпы 771 миң 767 жаран шайлоого катышып, шаардык кеңештерге салыштырмалуу, айылдык кеңештерге добуш берүүдө активдүүлүк байкалууда.

“БШКнын саат 16.00гө карата маалыматы боюнча шаардык кеңештерге шайлоого 266 миң 757 жаран катышып, шайлоочулардын 16,46 пайызын, ал эми айылдык кеңештерге 505 миң 10 жаран добуш берип, шайлоочулардын 20,08 пайызын түздү. Аралыктан 4 миң 270 жаран добуш берип, катталгандардын 47,18 пайызын түздү”, - деди ал.

БШКнын маалыматына таянсак, шаардык кеңештерге добуш берүүдө Сүлүктү шаары активдүүлүгүн көрсөтүп, 35,89 пайызды түзсө, эң төмөнкү көрсөткүч Өзгөн шаарында болууда. 16:00гө карата аталган шаарда шайлоочулардын добуш берүүсү 10 пайызга жете элек.

БШК жарандарды шайлоого активдүү катышып, жарандык милдеттерин аткарууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий