• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Жети-Өгүз районунда футбол аянтчасы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Чоң-Жаргылчак айылында футбол аянтчасынын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Футбол аянтчасы фонддун колдоосу менен салынды, курулуштун тендердик баасы 4 млн 349 миң сом. Жалпы аянты 1000,8 чарчы метрди түзөт.

Аянтчанын курулушу 2023-жылдын күзүндө башталган.

Спорттук аянтчанын ачылыш аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Пикир

Оставить комментарий