• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Финансы министрлигине караштуу кызматтарга санариптештирүүнү тездетүү тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Финансы министри Алмаз Бакетаев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековдун 2023-жылы аткарылган иштери жана 2024-жылга пландары тууралуу маалыматын укту.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик бажы кызматы 2023-жылга карата 111 млрд 503,3 млн сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 150,1%ды түздү, же 37,2 млрд сомго көп.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы мындай натыйжаларга жетүү үчүн бизнес-процесстерди жөнөкөйлөтүү жана тездетүү, өткөрүү пункттарындагы потенциалды жогорулатуу, контрабандага каршы күрөштү күчөтүү, ошондой эле коррупциялык схемаларды жоюу боюнча иштер жүргүзүлгөндүгүн маалымдады.

Министр Бакетаев 2024-жылга карата пландарды жана милдеттерди талкуулап, ошондой эле санариптештирүү боюнча иш-чараларды тездетүүнү тапшырды.

Андан соң Бакетаев министрликтин Баалуу металлдар департаментиннин ишмердүүлүгүн текшерип, жаңы инструменттердин жардамы менен реформаларды жүргүзүү, департаменттин ишмердүүлүгүн толук санариптештирүү боюнча тапшырмаларын берди.

Анда фондулук биржа менен иштөө мүмкүнчүлүгүн көрсөтүлүүчү кызматтардын спектрин кеңейтүү, ата мекендик продукцияны экспорттоону жогорулатуу, алтын жана баалуу буюмдарды жүгүртүү менен алектенген субъекттерге кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий