• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

ЖК электрондук тамеки колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун I окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында КР айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" КР мыйзамына, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана КР Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Шаирбек Ташиев, Алишер Козуев, Бекмурза Эргешов, Айбек Маткеримов, Марлен Маматалиев, Исатбек кызы Аида.

Депутат Шаирбек Ташиев мыйзам долбоорунун максаты жаш жарандардын ден соолугун электрондук тамеки колдонуудан коргоо, организмдин өнүгүүсүнүн басаңдашын жана терс адаттарга көнүп кетүүсүн алдын алуу экенин белгиледи. Алсак, электрондук сигареттерди пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузуу жеке жактарга - эсептик көрсөткүчтүн 400 өлчөмүндө, юридикалык жактарга-эсептик көрсөткүчтүн 600 өлчөмүндө айып салууга алып келет. Электрондук сигареттерди сатууга тыюу салуу жөнүндө бузуу жеке жактарга 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга алып келет. Электрондук сигареттерди ташып келүү-1500дөн 2000 эсептик көрсөткүчкө чейинки айыпка же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Талкууда депутат Элвира Сурабалдиева электрондук сигареттерди пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузуу үчүн колдонулуучу айып пулдарды жөнөкөй жарандар үчүн төмөндөтүү сунушун айтты.

Пикир

Оставить комментарий