ЖКККББ: Бир жумада 21 миңге чукул жол эрежесин бузуу катталды

Коом 0

ишкек, 26.06.23. /Кабар/. 17-июндан 26-июнга чейинки аралыкта Кыргызстандын аймагында 20 миң 963 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 233;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу - 220;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 64;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 833;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4 611;
- авто ээнбаштык - 9;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4 134;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 859;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 550 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий