• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кочкор районунун жолдоруна 72 жол белгилери орнотулду

Коом 0

Бишкек, 10.08.23. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын сунушу менен Кочкор районунун жолунда 72 даана жол белгилери орнотулду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызмтаынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кочкор райондук ички иштер бөлүмү боюнча ЖККК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Кочкор районунун унаа жолдоруна жол кыймылынын катышуучулары арасында жол кыймылынын эрежелерин сактоо, жолдордун кооптуу абалдарын жана коопту бурулуштарын изилдөө, ошондой эле жол унаа кырсыктарынын алдын алуу багытында Кочкор районун ички жолдоруна жеринен кароо иштерин жүргүзгөн.

Аныкталган кемчиликтерди орундатуу боюнча тийиштүү кызматтарга сунуштарды беришип, жыйынтыгында Кочкор айылынын ички унаа жолдоруна, 72 даана жол белгилери орнотулду.

Пикир

Оставить комментарий